Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кытай АКШ, НАТО жана ЕБди Россия менен тең ата диалог жүргүзүүгө чакырды

Пекин азыркы кырдаалга НАТО күчтөрүнүн чыгыш тарапка жайгашуу аракети таасир эткенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында КЭРдин туруктуу өкүлү Чжан Цзюнь Кытай АКШ, НАТО жана Евробиримдикти Россия менен тең ата диалог жүргүзүүгө чакырганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"НАТО күчтөрүнүн чыгыш тарапка жайгашууга көптөн бери аракет кылышы Россиянын коопсуздугуна терс таасир эткенине өзгөчө көңүл бурулушу керек", — деген Кытайдын БУУдагы өкүлү. 
Россия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Россиянын Коргоо министрлиги Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдиришкен. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору соккусун улантууда. Президент Украинаны оккупациялоо туурасында кеп болбогондугун айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: мөөнөттүү аскердик милдетин өтөп жаткандар атайын операцияга чакырылбайт