Кыргызстандын хоккей командасы IV дивизиондогу дүйнө чемпионатын жеңди. Видео

Улуттук команда 3-мартта Ирандын тайпасын 13:1 упай менен, 5-мартта Малайзиянын тайпасын 22:1 упай эсеби менен жеңген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы IV дивизиондогу дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү аталды. Мелдеш беш күнгө созулуп, ага Иран, Кыргызстан, Кувейт, Малайзия жана Сингапур өлкөлөрү катышты.
Улуттук команда 3-мартта Ирандын тайпасын 13:1 упай менен, 5-мартта Малайзиянын тайпасын 22:1 упай эсеби менен жеңген. Ал эми кечээ, 7-мартта, Сингапурдун хоккейчилерин ири эсеп менен уткан. Бүгүн, 8-мартта, жыйынтыктоочу оюнда Кувейттен келген команданы 14:0 менен утуп алды.
Муну менен Кыргызстан үчүнчү дивизионго көтөрүлдү.
Мелдештер Бишкек шаарынын муз аянтында өттү. Жеңиш алып келген оюнду КТРК Спорттун YouTube каналынан көрө аласыздар.
Коньки тээп чыккан Жапаров, толкунданткан хоккейчилер. Ачылыш аземдин видеосу