Кыргызстанда бал челектер идентификацияланып, каттоодон өтүшү керек

Балды Кыргызстандын аймагында саткан жана чет өлкөгө экспорттогон бардык ишкерлер идентификациядан жана каттоодон өтүүгө милдеттүү.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Мындан ары өндүрүлгөн балдын сапаты боюнча маалымат берүү үчүн ар бир бал чарбасы идентификациядан өтүүгө тийиш. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Ушул эле эрежеге ылайык, балчылар Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине катталуусу керек.
"Алгач бал челектин ээси өзү жашаган аймактагы ветеринарга кайрылат. Адистер ар бир бал челекке идентификациялык номер коюп беришет. Андан соң райондун же шаардык ветеринардык башкармалык аарылардын идентификациялангандыгы боюнча паспорт берет. Ошондон кийин гана бал челекчи ветеринардык коштомо документтерди алууга укуктуу болот", — деди министрликтен.
Балды Кыргызстандын аймагында саткан жана чет өлкөгө экспорттогон бардык ишкерлер идентификациядан жана каттоодон өтүүгө милдеттүү.
Бал челекчилер кененирээк маалыматты төмөнкү тасмадан алса болот.
Ошондой эле министрлик экспорттоо үчүн керектүү документтерди тизмектеди:
жеткирүү жөнүндө келишим;
коммерциялык инвойс;
шайкештик тууралуу декларация;
келип чыгышы тууралуу сертификат (ЕБден тышкары, үчүнчү өлкөлөр үчүн);
ветеринардык сертификат;
товар-транспорттук документтер (CMR, ЭБТ китепчеси, авиа жана темир жол коштомосу);
жүк-бажы декларациясы (үчүнчү өлкөлөргө экспорттоодо);
эсеп-фактура.
Баса, Кыргызстанда "Бал аарычылык" жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыкты. Документте балчылык чөйрөсүндөгү иштин негизги эрежелери, мекемелер менен субъектилердин ролу, балчылыкты коргоо боюнча талаптар көрсөтүлгөн.
Россия Кыргызстандан помидор жана калемпир алып кирүүгө уруксат берди