Бишкек — Ош жолу жеңил унаалар үчүн ачылды

Буга чейин министрлик кар көчкүдөн улам "Сосновка" постунан унаалардын бардык түрү үчүн жол жабылганын эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош жолу жеңил унаалар үчүн ачылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин министрлик кар көчкүдөн улам "Сосновка" постунан унаалардын бардык түрү үчүн жол жабылганын эскерткен.
Каттам жеңил көлүктөргө гана ачылган. Оор жүк ташуучу унаалар азырынча "Сосновка" постунан өтө албайт.
Эске салсак, Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек — Ош унаа жолунун болжол менен 120-121-чакырымында (Абла тилкеси) кар көчкү түшкөн.
Кеминде аңчылыкка чыккан киши кар көчкү басып каза болду