Бишкекте марш учурунда милиция бир активистти кармады. Видео

Марштын уюштуруучулары аялдарды согушка каршы биригүүгө чакырып чыгышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар.— Sputnik. Бишкектин чок ортосунда согушка каршы өткөн маршта активист кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен билдирди.
Ал болжол менен саат 14:00дөр чамасында "Ала-Тоо" аянтынан кармалган. Биринчи май райондук милициясынын маалымат кызматы азырынча бул боюнча түшүндүрмө бере элек. Алдын ала маалымат боюнча, активист милиция кызматкерлери менен жаңжалдаша кеткен. Аны милиционер менен кармашып, жулкулдатканы үчүн кармап алып кетишкен.
"Тынчтык! Март! Марш!" деп аталган марштын уюштуруучулары аялдарды согушка каршы биригүүгө чакырат. Катышуучулар жүрүшүн Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинен баштап революциянын каармандары эстелигине чейин келишти.
Бул феминисттер уюштуруп жаткан биринчи акция эмес. 2020-жылдын 8-мартында аялдардын укугун коргоо чакырыгы менен маршка чыгып жатканда белгисиз адамдар келип плакаттарын ыргытып сүрүп чыгышкан. Милиция акциянын катышуучуларын кармап, бир нечесине айып пул салган.
Кийин кээ бирлери мындай чечимге макул болбой, сотко кайрылышкан. Кийин сот дагы алардын кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Бишкекте Россияны колдогондор митингге чыгышты. Видео