БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Бишкекте өтүп жаткан IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында Кыргызстандын командасы Сингапурдун тайпасын 15:0 упай эсеби менен утуп алды.
Бул Кыргызстандын хоккей боюнча дүйнө чемпионатындагы үчүнчү жеңиши. Улуттук курама команда 3-мартта Ирандын тайпасын 13:1 упай менен, 5-мартта Малайзиянын тайпасын 22:1 упай эсеби менен жеңген. Ал эми кечээ, 7-мартта, Сингапурдун хоккейчилерин ири эсеп менен уткан. Мелдештер шаардык муз аянтында өтүп жатат.
Улуттук курама команда бүгүн, 8-мартта, Кувейт менен күч сынашат. Эгер төртүнчү команданы ута алса, Кыргызстан хоккей боюнча дүйнө биринчилигинин үчүнчү дивизионунда ойной алат.
3-мартта башталган дүйнө чемпионаты бүгүн аягына чыгат. Анда Кыргызстандын, Кувейттин, Малайзиянын, Сингапурдун жана Ирандын командалары бирден айлампа оюн өткөрүп жатышат.
Белгилей кетсек, өлкө тарыхында алгачкы жолу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө.