Өткөн аптада 19 миңдей айдоочу жол эрежесин бузган. Рейддин жыйынтыгы

Жети миңден ашуун айдоочу жол белгилеринин талаптарын аткарган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы жумада 19 814 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу ИИМге караштуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Инспекторлор жол кырсыктарын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында рейддик иш-чараларды өткөрүп келишет.
Жыйынтыгы:
катуу айдагандар — 3 139;
тиешелүү документтерсиз унаа башкаргандар — 45;
айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдагандар — 205;
транспорт каражатын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу — 7169;
жасалма мамлекеттик номерлер үчүн — 3;
ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандар — 16;
ээнбаштык кылган айдоочулар — 2;
жол эрежелерин бузган жөө адамдар — 734;
автоунаанын түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизгендер — 123;
жол белгилеринин талаптарын аткарбагандар — 7362;
унаанын айнектерин караңгылатып айдагандар — 49;
ичип алып унаа башкаргандар — 279;
айып короого токтотулгандар — 1086.
ЖКККББнын башчысы оң рулдуу унааларга каршылыгынын негизги себебин айтты