Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский Батыш лидерлерин сынга алды

Жекшембиде генерал-майор Игорь Конашенков Россия жок кылып жаткан аскердик техниканы кайра калыбына келтиргиле деп коргонуу өнөр жай комплекстеринин кызматкерлери бийлик тарабынан мажбурланып жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Владимир Зеленский Россиянын Украинанын аскердик өнөр жай комплекстерине чабуул жасалат деген эскертүүсүнө үн катпай коюшту деп Батыш лидерлерин сынга алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Россия эртең биздин аймактагы коргонуу комплекстерин аткылайбыз деп жар салды. Бирок бүгүн бир дагы дүйнөлүк лидер, саясатчы үн каткан жок", — деди Зеленский брифинг учурунда.
Эске салсак, жекшемби күнү РФтин коргоо министринин расмий өкүлү генерал-майор Игорь Конашенков Россия жок кылып жаткан аскердик техниканы кайра калыбына келтиргиле деп коргонуу өнөр жай комплекстеринин кызматкерлери бийлик тарабынан мажбурланып жатканын айткан. Ошондой эле ал кызматкерлердин өмүрүнө коркунуч келбеши үчүн бул объектилерге сокку уруларын алдын ала эскерткен.
Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүт алган. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган. Учурда Россия тараптын Украинаны демилитаризация жана денацификация операциясы жүрүп жатат. Россиянын Коргоо министрлиги, Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын билдиришти. Тилекке каршы, эки жактан тең курман болгондор, жаракат алгандар бар.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада биологиялык курал иштелип чыккан. РФ министрлигинин билдирүүсү