Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россияда TikTok ишин чектеп, Netflix жабыла турганын билдирди

Социалдык тармак коопсуздукту камсыздоо үчүн ушундай кадамга барганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кытайдын TikTok социалдык тармагы Россияга жаңы контентти жана түз эфирлерди таратууну токтото турганын билдирди. РИА Новости буга "фейктер" жөнүндө кабыл алынган мыйзам себеп болгонун жазууда.
4-март, жума күнү, РФ президенти Владимир Путин Россия армиясын дискредитациялап жана өлкөгө каршы санкцияларга үндөгөн фейк маалыматтарды тараткан адамдарды кылмыш жазасына тартуу же ири суммадагы айыпка жыгуу боюнча мыйзамга кол койгон.
"Биздин эң башкы приоритетибиз кызматкерлердин жана колдонуучулардын коопсуздугу болуп саналат. Россияда "фейк жаңылыктар" жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин бизде башка тандоо калган жок. Андыктан түз эфирге чыгуу жана биздин видеосервиске жаңы контент жүктөөгө чек коёбуз. Биз мындай кылбасак кесепети тиет деп жатабыз. Ал эми кат алмашуу кызматы адаттагыдай иштей берет", — деп билдирген компания.
Мындан сырткары, Netflix сервиси Украинанын айланасындагы кырдаалдан улам Россиянын аймагында ишин токтотууну чечкенин маалымдаган.
Буга чейин Netflix россиялык кинопроектилерди сервисине чыгарууга чек койгон эле.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Disney, Volkswagen, Mastercard... Россияга санкция жарыялаган бренддердин тизмеси