Садыр Жапаров ар тармакта ийгилик жараткан аялдар менен жолукту. Сүрөт

Президент ар бир адамдын жашоосундагы эненин ордун жана мээримин баса белгилеп, алар эч качан ыйлабай, көздөрү бакытка толуп турушун каалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров ар тармакта ийгилик жараткан аялдар менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5

Мамлекет башчы Садыр Жапаров ар тармакта ийгилик жараткан аялдар менен жолукту

2 / 5

Мамлекет башчы иш-чаранын катышуучуларын келе жаткан майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалап, жолугушууга өз кесибинин мыкты өкүлдөрү чакырылганын белгилеген

3 / 5

Садыр Жапаров ар бир адамдын жашоосундагы эненин ордун жана мээримин баса белгилеп, алар эч качан ыйлабай, көздөрү бакытка толуп турушун каалады

4 / 5

Жапаров эл арасында кадыр-баркка ээ болгон аялдарга президенттин энчилүү кол сааттарын тапшырган

5 / 5

Мамлекет башчы менен жолугушууга келгендердин арасында ишкер, мугалим, ветеринар, фельдшер, куткаруучулар бар.

Билдирмеге караганда, жолугушууга биринчи айым Айгүл Жапарова да катышкан. Мамлекет башчы иш-чаранын катышуучуларын келе жаткан майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалап, жолугушууга өз кесибинин мыкты өкүлдөрү чакырылганын белгилеген.
"Садыр Жапаров ар бир адамдын жашоосундагы эненин ордун жана мээримин баса белгилеп, алар эч качан ыйлабай, көздөрү бакытка толуп турушун каалады", — деп айтылат маалыматта.
Жапаров эл арасында кадыр-баркка ээ болгон аялдарга президенттин энчилүү кол сааттарын тапшырган. Мамлекет башчы менен жолугушууга келгендердин арасында ишкер, мугалим, ветеринар, фельдшер, куткаруучулар бар.
Кыргызстандын аялдары үчүн ири сынак жарыяланды. Жол-жобосу