Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү раунду башталды

Буга чейинки сүйлөшүүлөр 3-мартта Беларустун Брест облусунда өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Беларуста Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү раунду башталды. Бул тууралуу Россиянын аталган өлкөдөгү элчилигинен билдирди.
Россия президентинин жардамчысы, делегация башчысы Владимир Мединский өткөндө Россия гуманитардык коридорду ачууга даяр болгонун, бирок улутчулдардын айынан анын бири да толук иштей албай калгандыгын айтты. Мединский бүгүн да өлкө ичиндеги саясий абалды жөндөө, эл аралык гуманитардык аспектилер жана аскердик жагдайды жөнгө салуу маселелери сүйлөшүлөрүн айтты.
Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүт алган. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган. Учурда Россия тараптын Украинаны демилитаризация жана денацификация операциясы жүрүп жатат. Россиянын Коргоо министрлиги, Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын билдиришти. Тилекке каршы, эки жактан тең курман болгондор, жаракат алгандар бар.
Буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду 3-мартта Беларустун Брест облусунда өткөн. Анда тараптар бир катар гуманитардык маселелерди, анын ичинде жардам жеткирүү коридорлорун уюштуруу үчүн атышууну убактылуу токтотуу мүмкүнчүлүгүн макулдашкан. Кремль гуманитардык маселе боюнча жетишилген макулдашуунун маанилүүлүгүн белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия мамилеси бузулган мамлекеттердин тизмесин жарыялады
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Батыш лидерлерин сынга алды