Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ делегациясы Украина менен сүйлөшүү үчүн Беларуска учуп кетти

Буга чейин Киев Россия менен сүйлөшүүнүн үчүнчү этабына даяр экенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Россия делегациясы Украина менен сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раундун жүргүзүү үчүн Беларуска учуп кетти. Бул тууралуу Sputnik Беларусь Telegram-каналы кабарлады.
Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүт алган. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган. Учурда Россия тараптын Украинаны демилитаризация жана денацификация операциясы жүрүп жатат. Россиянын Коргоо министрлиги, Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын билдиришти. Тилекке каршы, эки жактан тең курман болгондор, жаракат алгандар бар.
Беларустун Брест облусунда Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи раунду болуп, анда тараптар бир катар гуманитардык маселелерди, анын ичинде жардам жеткирүү коридорлорун уюштуруу үчүн атышууну убактылуу токтотуу мүмкүнчүлүгүн макулдашкан. Кремль гуманитардык маселе боюнча жетишилген макулдашуунун маанилүүлүгүн белгилеген.
Буга чейин Киев Россия менен сүйлөшүүнүн үчүнчү этабына даяр экенин билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Батыш лидерлерин сынга алды