Монголияда кыргызстандык эки баланын жүрөгүнө акысыз операция жасалды

Учурда операция болгон балдардын абалы жакшы экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. – Sputnik. Монголия хирургдары кыргызстандык эки баланын жүрөгүнө акысыз операция жасашты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, операция 21-22-февралда Улан-Батордогу клиникада жасалган.

"Операция чыгымын толугу менен монгол тарап мойнуна алган. Балдар Кыргызстанга келип, аларды министр Алымкадыр Бейшеналиев тосуп алган. Учурда эки баланын тең абалы жакшы", — деп айтылат маалыматта.

Министрликтин билдирмеси боюнча, монголиялык дарыгерлер Кыргызстанга февраль айынын башында келип, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын медициналык кароодон өткөрүп кеткен. Ушул сыяктуу дагы бир нече операция жасалары кошумчаланды.
Министр: бөйрөк, боор алмаштыруу операцияларын өзүбүздө жасоого акча бөлүндү