Кыргызстандан Улуу Британияга элчи дайындалды

Эске салсак, буга чейин аталган кызматты Эдил Байсалов ээлеп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. – Sputnik. Улан Жусупов Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Эске салсак, буга чейин аталган кызматты Эдил Байсалов ээлеп келген. Ал министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болгондон бери Улуу Британиядагы элчинин ордуна бош болчу.
Байден Кыргызстанга жаңы элчи дайындайт. Дипломат тууралуу эмне белгилүү