Кыргызстандын футболчу кыздары Душанбедеги эл аралык мелдешке катышат

Спортчу кыздар CAFA эгидасы алдында өтө турган турнирде Иран, Тажикстан жана Өзбекстан тайпалары менен күч сынашат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча 18 жашка чейинки кыз-келиндер курама командасы Тажикстандагы CAFA U-18 Women"s Championship 2022 эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.
Мелдеш 11-мартта Душанбе шаарында өтөт.
Кыргызстандык футболчулар CAFA эгидасы алдында өтө турган турнирде Иран, Тажикстан жана Өзбекстан тайпалары менен күч сынашат.
Командалар бир айлампадан оюн өткөрүп, упайдын эсеби боюнча орундар аныкталат.
Оюнду түз алып берүү cafa.tv сайтында жеткиликтүү болот.
Радио
Сыдыков: 2026-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк бар