Кыргызстандын аялдары үчүн ири сынак жарыяланды. Жол-жобосу

Быйылкы сынак 85 жашка толгон Валентина Терешкованын урматына арналды. Калыстар тобу тогуз номинация боюнча жеңүүчүлөрдү аныктайт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстанда "Дүйнөнү өзгөрткөн аял" аттуу жалпы улуттук сынак башталды. Бул тууралуу КРдин эмгек сиңирген артисти, "Мекендештердин союзу" коомдук бирикмесинин президенти Галина Кетова Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
"Дүйнөнү өзгөрткөн аял" аттуу жалпы улуттук сынактын логотиби
Алгачкы сынак 2021-жылы башталып, жыл сайын өткөрүлө турган форматка айланган.
Иш-чараны Бишкектеги Росскызматташтыктын (Русский дом) маалыматтык колдоосу менен "Мекендештердин союзу" уюштуруп жатат.
"Мекендештердин союзу" коомдук бирикмесинин
Иш-чаранын башкы максаты — аялдардын статусун көтөрүү жана алардын коомго кошкон салымына коомчулуктун көңүлүн бурдуруу.
КРдин эмгек сиңирген артисти, "Мекендештердин союзу" коомдук бирикмесинин президенти Галина Кетова
"Бүгүн биз "Дүйнөнү өзгөрткөн аял" сынагына арыздарды кабыл ала баштадык. Иш-чара экинчи ирет өтүп жатат. Өткөн жылы жарандарды Кыргызстандын көрүнүктүү аялдары менен тааныштырганбыз. Алардын ар бири өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон. Быйылкы сынак Валентина Терешкованын урматына уюштурулду", — деди Кетова.
Калыстар тобунун төрайымы Рада Калеева жалпы жонунан тогуз номинация бар экенин билдирди. Алар:
"Медицина";
"Маданият";
"Илим жана жогорку мектеп";
"Социалдык жумуш";
"Куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдары";
"Дене тарбия жана спорт";
"Шаардык чарба;
"Баатыр эне";
"Супер чоң эне".
Сынакка катышуу жол-жобосу:
Анкета толтуруу (шилтемеси уюштуруучулардын Instagram баракчасына жарыяланат);
Электрондук сүрөт жөнөтүү;
Жакшы сапатта тартылган видеоролик жаздырып жөнөтүү;
Материалдар ssrfkg@gmail.com почтасы аркылуу кабыл алынат.
Арыздар 7-апрелге чейин кабыл алынат жана жеңүүчүлөр калыстар тобу тарабынан аныкталат. Арыздын ичине грамота, ыраазычылык кат сыяктуу жетишкендиктерди күбөлөндүргөн сыйлыктарды тиркеп коюуга болот. Сыйлык тапшыруу аземи 12-апрелде өтөт.
Сынакка Кыргызстандын аймагында жашап, ишмердүүлүгүн жүргүзгөн аялдар катыша алат.
Бишкекте "Бис-Квит" тобу концерт берди. Сүрөт