Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Z белгисин чаптаган автоунаа. Патрулдук милиция айып салынарын эскертти

Инспекторлор азырынча айып сала элек, бир факты боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзүштү.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Бишкектин Патрулдук милиция башкармалыгы автоунаага чаптамаларды, анын ичинде Z белгисин чаптап алуу эреже бузууга жата турганын эскертти.
Маалыматка караганда, айдоочулардын мындай аракети "Эреже бузуу" жөнүндөгү кодекстин 194-беренесинин 1-бөлүмүнө каршы келет. Автоунаага мыйзамсыз түрдө чаптама чаптоого 5500 сом айып салынып, машина айып короого токтотулушу мүмкүн.
Патрулдук милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдиргендей, бир факты боюнча инспекторлор айдоочуга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Азырынча эч кимге айып салына элек.
Белгилей кетсек, Бишкекте буга чейин Z белгисин коюп алган унаалар пайда болгон. Украинадагы атайын операциянын алкагында тартылган Россиянын аскердик техникаларына дал ушундай белги басылган.
Бишкекте тез жардам унаасын өткөрбөгөн айдоочуларга ири суммада айып салынды