Быйыл Айланма Чүй каналы жана үч суу кампа курулат

Курулуш иштери Кытай тараптан алынган гранттын эсебинен жүргүзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Алмазбек Сокеев быйыл Кемин районуна Айланма Чүй каналы курула турганын маалымдады. Анын билдирүүсүн Айыл чарба министрлиги жарыялады.
Ошону менен бирге Чүй облусуна дагы үч суу кампа (декадалык жөнгө салуу бассейни) салынат. Сокеев алардын бири "Ак-Суу" суу кампасы болорун айтты.
"Биз азыр Ак-Суу дарыясында турабыз. Ушул жерге 4,8 миллион куб метрлик суу кампа курулат. Ал ишке киргенден кийин 6,5 миң гектар жерди сугаруу көйгөйү чечилет", — деди Сокеев.
Бардык курулуш иштери Кытай тараптан алынган гранттык каражаттын эсебинен жүргүзүлмөкчү.
Жердин көбүн ээлеп алгандар каршы. Чуу жараткан №309 токтом тууралуу маек