БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Таластын Бакай-Ата районунда 7 миллион 770 миң сомдук 2,59 гектар жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Текшерүүдө Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 1999-жылдагы токтомунун негизинде Миң-Булак айыл өкмөтүндөгү үч гектарга чукул жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке бөлүнүп, ага "Кадастр" мекемесинин филиалы укук берүүчү күбөлүк даярдап бергени аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Мыйзамсыз берилген жер тилкесин мамлекетке кайтаруу үчүн райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, ал бардык инстанцияларда канааттандырылган.