Кыргыз-түрк ооруканасы аялдарды маммографиядан акысыз өткөрөт

Медициналык кароодон өтүш үчүн алдын ала 0997 650 000, 0312 650 000 телефондоруна чалып, жазылуу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. – Sputnik. Бишкекте Кыргыз-түрк достугу ооруканасы аялдарды маммографиядан акысыз өткөрөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, медициналык акция 7-марттан 11-мартка чейин уланат. Анда кыргыз жана түрк дарыгерлери аялдарга скрининг жана консультация жүргүзүшөт.
"Медициналык кароодон өтүш үчүн алдын ала 0 997 650 000, 0 312 650 000 телефондоруна чалып, жазылуу керек", — деп айтылат маалыматта.
Мындай акциялар жыл этегине чейин жасалып турары кошумчаланды.