Биз айыл чарба министри Аскар Жаныбековду сөзгө тартып, аймактагыларды кызыктырган суроолорду узаттык. Аткаминер менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Мирбек Сакенов маек курду.
— Жазгы айдап-себүү мезгилине даярдыктар кандай болууда?
— Быйыл жаз эрте келип, даярдыктар жылдагыдан жакшы. Кыштата суу чарба кызматкерлери бардык облустарда сугат мезгилине даярданышты. Ага чейин мүмкүн болгон жерлерде күзгү сугаттар уюштурулган. Үрөнгө быйыл 1,5 миллиард сом бөлүнүп, 16 миң тонна алып келинүүдө. Азыр аймактарга арпа, буудай, жүгөрү, күн карама, кара беде, буурчак, соя, сафлордун үрөнү жеткирилүүдө. Ал эми сырттан дагы келе турганы Россия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуяларга байланыштуу кичине кармалып жатат. Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен келген 1200 тонна дыйкандарга таратылып бүттү. Минералдык жер семирткичтерди Өзбекстандан алып келүүнү сүйлөшүп жатабыз. Буюрса, ал жактан ташып келебиз. Буга мамлекет тарабынан бул жылы бир миллиард сомго жакын акча каралган.
— Быйыл пайызы төмөн насыялар да берилип жатат. Эми ошол насыя, үрөн, жер семирткич элеттегилерге бюрократиясы жок, тааныш-билиш болбой тегиз берилеби?
— Келген жер семирткичтер Мамлекеттик материалдык резервдин кампасында болот. Дыйкандар ошол жактан арзан баада ала алышат. Үрөндү мамлекет бекитип берген баа менен каалаган дыйкан ала алат. Шарты да жөпжөнөкөй. Аны нак акчага же "Айыл банк" аркылуу эки жылга 4,5 пайыздык үстөк пайызы менен ала алышат. Үйүн күрөөгө коюп, толгон-токой документ даярдоонун зарылчылыгы жок. Жөн гана аялынын же күйөөсүнүн паспорту, айыл өкмөттөн айдоо аянты же ижарага алган жери бар деген маалымкат эле керек. Ушундай жеңил шарт менен үрөн ала алышат. Андан сырткары, жеңилдетилген насыялар да берилүүдө.
"Айыл чарбасын каржылоо 10" долбоорунун алкагында дыйкандарга 6 миллиард 200 миллион сом берүүдө. Ошондой эле март айында беш миллиард, апрель айында беш миллиард сом акчаны дыйкандар алты пайыздык үстөгү менен ала алат.
— Быйыл ирригациялык түйүндөрдү, суу сактагычтарды, каналдарды куруу, тазалоого ири каражат бөлүндү. Алардын көпчүлүгү союз маалында курулган объектилер. Өлкө боюнча алардын абалы кандай экен?
— Абалы оор. Бизде дарыя, өзөндөрдөн келип ирригациялык каналга кирген суунун 40 пайыздайы гана сугат жерине чейин жетет. Калган 60 пайызын арыктардан агып келгенче таппай калып жатабыз. Быйыл каналдарды, ирригациялык түйүндөрдү сугат мезгилине даярдоого эле 1 миллиард 100 миллион сом каралган, азыр иштер кызуу жүрүүдө. Капиталдык салымдарга да мамлекет тарабынан, эл аралык донорлордон жакшы акчалар жумшалып жатат. Мурунку министрлерди жамандагандан алысмын. Ал жылдары каражат маселеси оор болуп, ирригация такыр каралбай калган. Азыр ошолорду жолго салуу керек болуп жатат. Эл тамчылатып, жамгырлатып сугарууну өздөштүрсө жакшы болот эле.
Аскарбек Жаныбеков: үрөндү мамлекет бекитип берген баа менен каалаган дыйкан ала алат. Шарты да жөпжөнөкөй
© Sputnik / Эркин Садыков
— Дүкөнгө барып азыр ата мекендик өндүрүшчүлөр чыгарган тооктун этин таба албайсың. Кезинде Кыргызстан айрым продукциялар менен өзүн камсыздап гана тим болбостон, сыртка да жөнөтчү эле. Качан азык-түлүк коопсуздугу боюнча тынчсызданбай калабыз?
— Азык-түлүк коопсуздугуна тогуз продукция кирген. Биз өзүбүздү үчөө менен гана камсыздайбыз. Алардын ичинде сүт, жашылча, картошка кирет. Келечекте ушуларды экспорттоо мүмкүнчүлүгүбүз бар. Калган алтоо — эт, жумуртка, тоок эти, буудай, өсүмдүк майы, кант импорттолот. Биз эт көп жейбиз дегенибиз менен өзүбүзгө жетчү эттин үчтөн эки бөлүгүн гана өндүрөбүз, калганы сырттан келет. Айдоо жерибиз арбын туруп ушуларды сатып алып жатканыбыз уят эле. Сырттан келген азык-түлүктөр сапатсыз, кымбат. Ошондуктан айыл чарбадагы абалды оңдоо үчүн ири каражат жумшап жатабыз. Ушул себептүү да 309-токтомду демилгеледик. Анткени мамлекеттин жери элдин кызыкчылыгы үчүн иштеши керек.
Биз буудай менен өзүбүздү бир нече жыл мурун камсыздачубуз. Буюрса, эки жылдын жыйынтыгында өзүбүздү толук камсыз кылып калабыз. Кант кызылчасын 2016-17-жылдары өзүбүзгө жеткидей өндүргөнбүз, кийин эле ал көрсөткүч түшүп кетти. Былтыр 2000 гектарга көп себилген, быйыл дагы 2000 гектарга көп себели деп жатабыз. Анын кирешелүүлүгү жогору, Чүйдөн башка облустарга да өстүрүүнү дыйкандарга сунуштадык. Ошондой эле жүгөрү айдаганды көбөйтүү керек. Анын даны калат, сабагынан чыктуу тоют жасалат. Бир гектар жүгөрү беш-алты уйду бир жылдык тоют менен камсыздай алат. Дыйкандар ошого өтсө жакшы болот эле. Мал чарбачылыгы айыл чарба тармагынын флагманы, алдыга сүйрөгөн бөлүгү болуш керек. Буюрса, 2026-жылы биз 85-90 пайыз өзүбүздү эт менен камсыздап калабыз.
— Кыргызстанда жайыттардын абалы жылдан-жылга начарлап бара жатканын айтып калабыз. Жакынкы жайыттар гана колдонулуп, алыскылар пайдаланылбай калып жаткан жокпу?
— Ооба, жайыт чоң көйгөй. Биздеги жайыттар мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө чоң мүмкүнчүлүгү бар. Тилекке каршы, акыбалы аябай начар. 2009-жылы аларды жайыт комитеттерине берип салып бир тобу деградация болуп кетти, биз жайыттарга аябай жоопкерчиликсиз мамиле кылып келдик. Ошол үчүн алыскы жайыттарды колдонууну демилгелөөдөбүз. Анткени жакынкы жайыттар эс алышы керек. Аларды жөн эле коюп койбой өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн себүү зарыл. Ага да чет өлкөдөн үрөн сатып келип жатабыз. Анткени тоодо мал жебеген өсүмдүк көбөйүп, мал жеген чөптөр урук чачпай азайып кетти. Ошонун баарын эл түшүнүү менен кабыл алышы керек.
— Азыр малчылар, дыйкандар заманбап муздаткыч, логистика борборго муктаж болуп жатат. Бул багытта эмне иштер жасалууда?
— Көпчүлүк өлкөлөрдө соода-логистикалык борборлор азык-түлүктү, өсүмдүктөрдү топтоп, сактап, анан кутулап ири көлөмдө сатат. Бизге да ошондой ишканаларды куруу зарылчылыгы турат. Быйыл үчөө салынышы керек эле, бирок Казакстандагы болгон окуяларга байланыштуу пландар өзгөрүп жатат. Мындан сырткары, Азия өнүктүрүү банкы аркылуу логистикалык борбор курууга каражат бөлүнүп жатат. Андайларды курам деген жеке ишкерлерге да шарт түзүп берип жатабыз. Мисалы, Балыкчы шаарында жемиш сактаган бир кампа бар. Ага 2500 тонна түшүм батат. Узак убакыт сактап, баасы туура келсе жазда, жайында кымбат баада сатса болот. Экспортко чыгарылса эселеген киреше табат.
Аскарбек Жаныбеков: эл тамчылатып, жамгырлатып сугарууну өздөштүрсө жакшы болот эле
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Ички өндүрүшчүлөрдү колдоого алып, жардам берүү үчүн аткезчиликти ооздукташ керек. Албетте, бул аракеттер сиздердин түздөн-түз ишиңиздер эмес, бирок тиешелүү органдарга сунуш-пикир берип жатасыздарбы?
— Биз аткезчилик жолу менен келген айыл чарба продукцияларын жеринде көрүп жатабыз. Сапаты начар, эскирген жумурткалар келет. Мындан улам баасы да арзан. Ал эми жергиликтүү ишкерлер өздөрүнүкүн сата албай убара. Мисалы, Кыргызстанга келген үрөн, көчөт, ветеринардык дары-дармектер да көзөмөлдөнбөй, каалагандай түрү, каалагандай көлөмдө келип калган. Ошондуктан мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, дары чек арадан өтүп малга сайылганга чейин көзөмөлдөйлү деп турабыз. Дүйнө жүзүндө ушундай тажрыйба колдонулат, бизде эле башаламан. Ошентип жүрүп ушул абалга келдик. Бул министрдин каалоосу эмес, мезгилдин талабы. Арызданып ата мекендик өндүрүшчүлөр келет, биз тийиштүү сунуштарды мамлекеттик органдарга жиберип жатабыз.
— Айыл чарба тармагында эмгектенгендер, тажрыйбалуу адистер бир органикалык айыл чарбаны жолго салышыбыз керек, башка мамлекеттер менен дагы ушунубуз менен айырмаланышыбыз зарыл деп калышат. Бул багытта кандай иштер жүргүзүлүүдө?
— Кыргызстандын жаратылышы, экологиясы органикалык таза продукция чыгарууга ылайыктуу, келечеги бар. Чындыгында, ушунубуз менен башкалардан айырмалана алабыз. Чакан өлкөбүз, өтө көп продукция чыгарабыз. Ошол сата турчу мөмө-жемиш, жер-жемиштер сапаттуу болгону артыкчылыгыбыз. Аз болсо да саз болушу керек. Ага дүйнө жүзүндө суроо-талап жогору жана жакшы баада сатып алынууда.
— Аймактагы дыйкан, фермерлерди министр катары эмнеге үндөйсүздөр?
— Алардын жасаган ар бир ишинен майнап чыкса дейт элем. Мен дагы министр катары ага кызыкдармын. Себеби мал баккандар, жер иштеткендер ишине акча, күч-аракет, мээнет жумшайт. Анын жыйынтыгын көрүү үчүн алар сапаттуу үрөн, асыл тукумдуулугу жогору мал бакканы жакшы. Ошондо жасаган ишинде киреше көп болот. Анан атам ушинтчү, чоң атам тигинтип эле койчу деген түшүнүк менен мамиле кылбаш керек. Келгиле, короодогу малдын туягын санап отура бербей, сандан сапатка өтөлү. Ошол үчүн мамлекет элге шарт түзүп бергенге аракет кылып жатат. Чет өлкөдө бир гектар жерден 100 тоннага чейин картошка алышат. Бизде ал көрсөткүч беш-алты эсе төмөн. Россияда бир уйдан жылына 10-11 миң литр сүт саап алса, Кыргызстанда 2000 литр эле. Аларга караганда бизде убара көп, ошол эле тоют кетет. Бирок алынган продукция беш эсе аз болууда.