Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Каныкейди мейманга чакырып, чыгармачылыгына жана жеке жашоосуна байланышкан суроолорду узатып маектешкен.
— Учурда башка телеканалда алып баруучу болуп жүргөнүңүздү да билебиз. Өзүңүздү чыгармачылыктан тышкаркы чөйрөдө да сынап көрүүнү чечтиңиз окшойт?
— Чыгармачылык — бул эбегейсиз аалам экен. Негизи кесибим боюнча профессионалдуу ырчымын. Ал эми толук кандуу кесипкөй алып баруучу болуу үчүн журналистика факультетинде окуш керек деген ойдомун. Мага Бишкектеги телеканалдардын биринен "кыргыз тилинде алып бара турган айым керек" деген сунуш түшкөн. Макул болуп, өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Алып баруучулук жакты. Негизи кыргызча билем, сүйлөй алам, бирок дагы да сөз байлыгымды кеңейтип жаткан чагым. Көп эле берүүлөрдү көрөм, ошентсе да айрымдарында керексиз, мааниси жок маалыматтар кетип жаткандай элес калтырат. Чыгармачыл адам катары, албетте, ушул жаатта да ойлонуп, изденип иштейм. Ыр десе эле көбү оңой ойлошот. Ырчылыктан мурун өзүмдү ыр жаратуучу катары кабыл алам. Ал үчүн эргүү керек. Азыр кагаз бетине түшкөнү менен ыр катары жарала элек чыгармаларым бар. Өзүңөр байкагандай беш жылдай чыгармачылыктан да алыстап кеттим. Анткени үй-бүлө курдум, анын да өз түйшүгү бар экен. Ал ортодо эне болуу бактысы буюрду.
— Сахнага жаңы чыкканыңызда эле имидж, ырдоо стилиңиз, талантыңыз менен жаңы нерсе киргизгенсиз. Күйөрмандар да абдан жылуу кабыл алган эле. Токмоктук карапайым кыз мындай ийгиликке кантип жетишти?
— Эң алгач Бишкекке 2005-жылы жөнөкөй студент катары келгем. Эртеңи, келечеги эмне болорун билбеген жаш кыз элем. Өзүм каалаган бюджеттик окууларга тапшырып, бирок өтө алган жокмун. Анан үйдөгүлөрдүн каалоосу менен өзүмө жакпаган факультетке тапшырдым. Окуудан тышкары официант, сатуучу болуп иштеп жүрүп, арадан бир-эки жыл өтүп кетти. Ошондо "өзүмө жакпаган тармакта окуп, эптеп күн өткөрүп жатам. Мага эмне керек? Мен деги киммин?" деген суроону өзүмө берип, ойлоно баштадым. Кичинемден эле ыр жазчумун. Анан үнүм бар. Өзүмдү сынап көрүүгө эмнеге болбосун деп ойлодум. Улуттук каналда, радиолордо өткөн бардык кастинг, конкурстарга катышып жүрдүм. Ошол учурда өтүүчү "Поющий город" сынагына барып биринчи турдан өтүп, анан кийинкилерине катышып жолум болуп кетти. Андан кийин ырчы болууну каалаган кыздарга кастинг уюшулганын угуп барып, биринчи продюсеримди жолуктургам.
Ал ар кандай суроолорду берип, сынап, мени аябай калчады. "Ырчы болуу үчүн чачыңды алдырып салууга макулсуңбу?" деп сураганда, ойлонбой туруп макул экенимди айттым. Себеби артка жол жок болчу. Ийгиликке жетүү үчүн баарына даяр элем. 2006-жылдан баштап продюсерим Мамасадык Багышев устат катары жашоомо чоң салым кошту. Жаңылык киргизип, жашоомду башка нукка бурду. Мен аны азыркыга чейин унутпайм. Тагдырымдагы ошол бурулуштун арты менен канча суу кечип, далай эл-жер көрдүм.
Ошондон тарта чыгармачылык дүйнөгө ыктап, 2007-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшыргам. Чыгармачылыкка келүү менен такыр башка чөйрөгө туш болдум. Анткени ага чейин мен үчүн экономикалык жана юридикалык эле багыт бар болчу. Анан агайым куш таптагансып, мени да тарбиялап, көп нерсеге көзүмдү ачты. Маселен, этика, маданият, эстетикалык кабыл алууну үйрөттү. Ошол жылдары аябай өстүм, инсан катары калыптандым. Канатымды кенен жайып, асманга учкандай сезим болгон. Ага чейин эле ыр жазчумун, бирок кийин продюсерим ар кандай тематикада ыр жаратууга багыт бере баштады. Ошентип эң алгач "Коё бер мени кайгы" деген ырым жаралды. Бул менин жашоомдон алынган. Анткени 6-класста окуп жүргөндө ата-энем ажырашып кетип, чоң жараат алгам. Бул эки инсан мен үчүн аалам эле. Анан "коё бер мени кайгы, мен эми башкамын" деп турмуштун тузагынан суурулуп чыгып, өзүнчө жаңы жашоону колго алдым. "Жүрөк сыздайт" деген ырым Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" чыгармасынын негизинде жаралган.
Жан дүйнөмдөгү ойду, зиректикти туура түшүнүп, кабыл алган продюсерим болду. Ал киши болбогондо баёо кыз шаарда кандай тагдырга туш болмоктугу белгисиз. Мүмкүн бул менин маңдайыма жазылган тагдырымдыр.
— Кийин турмушка чыгып жашооңуздун дагы бир тепкичине көтөрүлдүңүз. Мурунку Каныкей менен эне болгондогу Каныкейдин кандай айырмачылыгы бар?
— Мен буга чейин жашоону назик кабыл алчу элем. Бирөөнү сүйүп калып, сүйүүдөн запкы тартсам ага ыр жазып, ушундай назик кыз болчумун. Турмушка чыккандан кийин чыныгы аялзатынын алааматын көрдүм. Боюнда болуп, бала төрөө, турмуштук көйгөйлөр жана ар кандай маселелер аялзатынын натурасы, көр турмуш экен.
Анан да арабызда айымдардын эки-үч пайызы феминисттик көз карашта болгону менен 80-90 пайызы эркекке көз каранды, башкалардын басымы алдында күн кечирерин билдим.
— "Түбөлүк сүйүү — бала менен эненин ортосунда эле болот экен" деген билдирүүңүздү окудук эле...
— Мурда сүйүү — бул аял менен эркектин ортосундагы сезим деп түшүнчү элем. Бирок балалуу болгондон кийинки сезим такыр башкача. Бул ушунчалык инстинктик деңгээлдеги сезим экенин байкадым. Тарыхты карап, жашоону алсак деле эне менен баланын сүйүүсү чексиз, ал эми калган сезимдер убактылуу болушу мүмкүн. Кореянын режиссёру Ким Ки Дуктун "Жаз, жай, күз, кыш, кайрадан жаз" деген киносу бар. Ошондо баары кадимкидей сонун, философия менен сүрөттөлөт. Мен ошол фильмди көрүп таң калгам. Демек, сүйүү дагы улам кайталанат. Аял менен эркектин сүйүүсү түбөлүктүү болбойт. Албетте, мында талаштуу көп нерселер бар.
— Социалдык баракчаңызда угармандарыңыздын көбү сахнага качан кайтарыңызга кызыгып, сурашат экен…
— Ооба, көп сурашат. Үй-бүлө куруу да институт. Баланы да чоңойтушубуз керек. Ар кимге ар кандай болушу мүмкүн, бирок мен үчүн бул да чоң долбоор. Ошондуктан мен үй-бүлө деген долбоорумду таштап кете албадым. Ошол эле учурда чыгармачылыктан да жок болуп кеткен жокмун. Булар менин эки канатымдай, экөөнү тең алып кетишим керек. Буга чейин ички дүйнөмдү ырдап келсем, азыр аял менен эркектин мамилеси тууралуу чыгарма жаңыртууну каалап жүрөм. Эки адам бири-биринен тажап, чарчай турганын байкадым. Көп жыл бирге жашап жүрүп, эки ажырым жолго түшкөндөр бар. Ушул жубайларга арнап ыр чыгардым. Ал ырым да коомчулукта актуалдуу болот деген ойдомун. Азыр ошонун үстүнөн иштеп жатам. Анда айымдардын арманы чагылдырылган. Жолдошунун кылыктарынан көңүлү ооруп, сыздаган айымдарды көп көрдүм. Бул жерде эки тараптуу ой жүгүртүшүм керек. Бирок ушул маселенин, суроонун жообун дагы эле таппай келем.
Каныкей Алымбекова: ырчылыктан мурун өзүмдү ыр жаратуучу катары кабыл алам. Ал үчүн эргүү керек. Азыр кагаз бетине түшкөнү менен ыр катары жарала элек чыгармаларым бар
— Бул, балким, ата-энеңиздин эки ажырым түшкөн тагдырына жасаган анализдир?
— Ооба, балким. Мурда экөөнүн ажырашуу себеби табышмак болсо, азыр түшүнөм. Анализ жүргүзүү аркылуу экөөнү тең актай алдым. Бул тагдыр. Алар колунан келишинче жашады. Адам робот эмес экен да. Керек болсо компьютер да иштен чыгат. Анан тирүү адам кантип бир калыпта жүрө берет. Жүрөк да сыгылат, картаят жана бир күнү токтойт.
Биз эч качан жашоону ташка тамга баскандай так, баары ойлогондой болорун күтпөшүбүз керек экен. Таштагы жазуу да эскирет. Ага кар, жамгыр жаай берип, баарын өчүрөт. Анан кайрадан жаңы жазуу, жаңы тарых жазылат. Адам өмүрүндө кайра жаралууга ээ экенин түшүндүм. Бул үчүн дайыма изденүү керек. Азыр менин үч дипломум бар, бирок алган билимим аздык кылат. Билгенден биле элегим көп. Быйыл аспирантурага тапшырдым. Учурда өзүм үчүн кыргыз тилин изилдеп, көп профессорлордон билим алууга далалаттанып жатам. Бул мага керек.
— Кагазга жазылып, жарыкка чыкпай калган ырларыңыз бар экенин айттыңыз, алар эмне жөнүндө жазылган?
— Азыр заман аябай өзгөрдү. Мындан он жыл мурун радио, теле деген өтө салмактуу нерсе эле. Ал кезде чыгармачылык дарамет, көз караш башкача болчу. Азыркы күндө социалдык тармак басымдуулук кылат. Ушул тармакта жаңы канал ачып, өзүмдүн чыгармачылыгымды жүргүзгүм келет. Менин бир куплет болгон автордук, альтернативалык ырларым бар. Аягы суроо боюнча аяктаган ырларым көп.
— Жакында эле Гүлжигит Сатыбеков менен дуэт аткарып чыгыптырсыз. Эки үндүн мыкты айкалышканын айтышууда. Муну кайрадан чыгармачылыкка аралашып баштаганыңыз катары кабыл алсак болобу?
— Мен чыгармачыл адам болгондон кийин бир нерсеге өзүмдү мажбурмун деп эсептебейм. Жан дүйнөмдөн чыккан ырларды ырдадым. Эч качан мода экен же башкалар деле кылып жатат деген түшүнүк менен жашабайм. Ырчылар той ырчысы же альтернативдүү чыгармачыл инсан деген класстарга бөлүнөт. Анын сыңарындай Гүлжигит Сатыбековдун чыгармалары мелодиялык жактан мага аябай жагат. Көп эле ырларын угам, анан талдап отуруп ушул ырын өтө жактыргам. Америкада жүргөндө Кыргызстанды сагынганда "Сагынам" деген ырын күндө угар элем. Кийин Кыргызстанга келгенде Гүлжигит Сатыбековго "ушул чыгармаңызды аздектеп угам" десем, чогуу ырдап чыгуу сунушун киргизди. Ошентип эки жыл мурун ырдаган ырды Youtube каналына быйыл чыгарып койгон экен, миллиондон ашык көрүү болуптур. Экөөбүздүн аткаруубузда ырды сурангандар көп болгону таң калтырды. Болбосо мен дуэт ырчысы эмесмин. Андан кийин "Санат ырын" бирге ырдап, интернетке жүктөп койгон элек, азыр 265 миңден ашык көрүү болуптур. Ушул ырын да жаздыргым келип жүрөт. Керемет чыгарма. Гүлжигит Сатыбековдун Москвадагы концертинен кийин гастролдук тур кылсакпы деген пландар болууда. Кудайым буйруганын көрөбүз.
— Чыгармачылыкка келгениңизге он жылдын жүзү болуптур. Бүгүнкү күндө шоу-бизнестин, эстраданын кайсы жагы көңүлүңүзгө толбойт же баалайсыз?
— Сын айткыдай негизи сынчы эмесмин, бирок ар бир курактын, кездин өз мүдөөсү болот экен. Мен жаш кезде такыр башка ырларды угар элем. Бул табитке да жараша. Ошентсе да адам өз менталитетине жакындашат. Жүрөгүнө жакын кабыл алат. Кыргыз болгондон кийин элге, каада-салтка тийиштүү нерселер, салттык ырлар эч качан унутулбайт. Интернет, технология өнүккөнү баары өзгөрдү. Ошондуктан жакшы да, жаман деп дагы бир беткей сын айткым келбейт.
Каныкей Алымбекова: биз эч качан жашоону ташка тамга баскандай так, баары ойлогондой болорун күтпөшүбүз керек экен
— Эстраданын, шоу-бизнестин натурасы улам бир жаңычылдыкка умтулуу, жаңы бир чыгармаларды жаратуу эмеспи. Бирок бул тармак тойго, акча табууга гана ыкташып кеткендей...
— Бул бир чети туура, экинчиден, убактылуу көрүнүш. Акчанын түбүнө эч ким жеткен эмес. Акча табылат, байлык келет, кетет. Ал эми чыгармачылык эч качан өлбөйт. Менде да ушундай учур болгон. Белгилүү болуп турганда бир убакта акча, байлык, оомат да келет, бирок ал да кетет. Ошондуктан бир чыгарманы чала-була иштеп чыгып эле акча табуу жагын гана көздөбөш керек. Руханий дүйнөдө баары түбөлүктүү. Чыгармачыл улуу инсандар көзү өтүп кетсе да жараткан эмгектери калат. Ошол себептен чыгармачылыкты материалдык байлыктан жогору коём. Коронавирус болуп катуу ооруп жатканда адамдын өлүп калуусу бат эле экенин түшүндүм. Анан тамагымдан тамак өтпөй жалаң суу ичип калганда тамак-ашсыз деле күн өтө берерин түшүндүм. Монахтар деле тамак-аштан өзүн чектеп жашайт эмеспи. Бул эми чоң философия.
— Ал эми чыгармачыл адамдардын саясатка аралашуусуна кандай карайсыз? Мурда журналисттер саясатка барганын уксак таң калчубуз. Азыр шоу-бизнес өкүлдөрү да шайлоодо ат салышууда...
— Адам эч нерсеге тойбойт. Улам арылаган сайын көксөөсү күчөй берет. Мен да көрүп, карап, байкап коём. Мейли саясатка барсын, башка кылсын. Бирок баарын көрүп, таразалап турган эл бар да. Кудайдын көзү деле калкта. "Эл тараза, эл сынчы" дейт. Журт арасында бардыгы түшүнүктүү болуп турат.
Өзүм болсо чыгармачылыкта эле калгым келет. Адамга эч нерсе жакпайт экен. Ал жашоосунда бир нерсени эле издей берет, бирок бардык кылганыңдын акыбети болот. Аны да биле жүрүү керек. Негизи жашоодо менин позициям — байкоочу. Байкоочулукту жакшы көрөм. Карап отурсаң, адамдар артындагы жаманын, арамза иштерин жашыргысы келет. Бирок ар дайым ошол нерсе көрүнүп каларын билишпейт. Көрүүчү, эл баарын байкап, көрүп-билип турат. Айрымдар өзүн акылдуу сезеби же алдайм деп ойлойбу, билбейм. Бирок кыңыр иш кырк жылда билинерин унутпаш керек.
— Киного тартылууга чакырса барасызбы?
— Камерага иштөөгө да талант керек. Ал да кесипкөйлүк. Өзүмдү карап отуруп драмалык актрисанын, терс каармандын образын ойноого дараметим бар экен деген ойдо калдым. Бирок мен актриса эмесмин. Ошондуктан буга чейин андай мүдөөм болгон эмес. Эгер фактурам туура келип, чакырышса баш тартмак эмесмин. Бизде "терс каарман — бул жаман адам" деген түшүнүк калыптанып калган. Бирок азыр терс каарманды да актаган, анын да өз чындыгы бар деген тууралуу жаңы түшүнүк калыптанууда. Мисалы, Малефисентанын жаратуучулары да аны актап, терс кылыктарынын себебин түшүндүрүүгө аракет кылышууда. Азыр дүйнө бир беткей ак менен карага эле бөлүнбөстөн, абдан глобалдашып кетти. Буга чейин жакшы-жаман деп гана жашоону экиге бөлүп карап, эч качан ортону айткан эмеспиз. Бүгүнкү күндө андай эмес.