Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина өзөктүк курал жасоого өтө жакын калганы айтылды

2014-жылдагы президент Петр Порошенконун көпчүлүккө белгисиз буйругу менен Украинада өзөктүк куралды даярдоо боюнча иштер активдүү жүрүп баштаганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин Мюнхенде Украинанын өзөктүк макамы тууралуу дооматтары жөн жерден айтылган жок, ал жакынкы келечекте чындыкка айланмак. Бул тууралуу РИА Новостиге Россиянын компетенттүү органдарынын биринин өкүлү кабарлаган.
"Мюнхенде февраль айында өткөн коопсуздук жыйынында Зеленскийдин Украинанын өзөктүк макамга ээ болуу мүмкүнчүлүгү тууралуу билдирүүсү кокусунан болгон эмес. 1994-жылы Украина өзөктүк куралы жок мамлекет катары аны жайылтпоо келишимине кол койгон, бирок андан кийин дароо эле өзүнө таандык өзөктүк куралды даярдоо максатында технологиялык негизди түзүү боюнча илимий-изилдөө жана конструктордук иштерин (НИОКР) баштаган", — деген агенттикке маалымат берген адам.
Анын билдиргенине караганда, 2014-жылдагы президент Петр Порошенконун жалпыга жарыяланбаган буйругу менен активдүү аракеттер көрүлө баштаган.
Маалымат берген кишинин айтымында, Россиянын тышкы чалгын кызматы Украинада жарылуучу өзөктүк түзүлүштөрдү даярдоо иштери уран жана плутоний багыттары боюнча жүргүзүлгөнүн биле алган. Киев технологияга керектүү заттарды Батыштан тымызын алышы мүмкүндүгү кошумчаланган.
Анын айтымында, жарылуучу өзөктүк түзүлүштү түзүүдө негизги милдет "Харьков физика-техникалык институту" аталышындагы улуттук илимий борборго жүктөлгөн. Окумуштууларга ядролук материалдардын изотопторун бөлүү методдорун иштеп чыгууга жардамды Украинанын Улуттук илимдер академиясынын адистештирилген бөлүмдөрү, тагыраагы, Киевде жайгашкан Өзөктүк изилдөөлөр институту жана Органикалык химия институту көрсөткөн.
Россиянын мекемелеринин маалыматы боюнча, бул аракеттерге Чернобылдагы АЭС өзөктүк коопсуздук көйгөйлөр институту, Киевдеги өзөктүк жана радиациялык коопсуздук боюнча мамлекеттик илимий-техникалык борбор жана Львовдогу конденсацияланган системалар боюнча физика институту да катышкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Зеленский НАТО менен Россиянын ортосуна от жагууга аракет кылып жатат