Казакбаев Москвадагы мечитке барып, дин жаатындагы саясатты талкуулады

Кыргыз делегациясын Россиянын муфтийи тосуп алган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев баштаган кыргыз делегациясы Москвадагы мечитке барып Россия мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасы, муфтийлер кеңешинин башчысы Равиль Гайнутдин менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Сүйлөшүү учурунда дин жаатындагы мамлекеттик саясатка тиешелүү маселелер талкууланган. Анын ичинде коомчулукту, өзгөчө жаш муундарды руханий жактан өнүктүрүүгө багытталган көйгөйлөрдү заман талабына ылайык чечүү каралган.
"Тараптар дин жаатындагы мамлекеттик саясат улуттук жана регионалдык коопсуздук боюнча азыркы учурдун чакырыктарына жооп бере тургандай болушу керектигин белгилешти. Ал эми Украинадагы кырдаал тууралуу муфтий Калининград облусунан Хабаровго чейин мечиттерде тынччылык жана бейажал өлүмдөрдүн болбошун тилеп дуба кылышканын билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуу дин уюмдары менен бийликтин ортосундагы конструктивдүү иш алып баруу жана коомду руханий жактан өнүктүрүү салтынын уландысы болуп калары айтылды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Казакбаев Козак менен жолугуп, Украинадагы кырдаал боюнча пикирин айтты