БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Киев согушту токтотуп жана Россиянын талаптары аткарылгандан кийин гана Донбассты коргоо боюнча атайын операция токтотулушу мүмкүн. Бул туурасында Россиянын президенти Владимир Путин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө билдиргенин РИА Новости жазды.
"Киев согуштук аракеттерди токтотуп, Россиянын белгилүү болгон талаптары аткарылган учурда гана атайын операцияны артка тартышыбыз мүмкүн", — деп айткан Путин.
Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүт алган. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган. Учурда Россия тараптын Украинаны демилитаризация жана денацификация операциясы жүрүп жатат. Россиянын Коргоо министрлиги, Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын билдиришти. Тилекке каршы, эки жактан тең курман болгондор, жаракат алгандар бар.
Буга чейин тараптар эки ирет жолугушту. Эми сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду күтүлүп жатат.