Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россияда Facebook тармагына бөгөт коюлушу. Компания канча акчадан кол жууйт?

Адистер Facebook бөгөт коюуга чейин эле Россияда аудиториясын жоготкон деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Россияда Facebook социалдык тармагына бөгөт коюлушу компаниянын жылдык кирешесин 40 миллиард рублге чейин кыскартат. Бул тууралуу "Известия" жазды.
4-мартта Роскомнадзор мекемеси россиялык ЖМКларга киргизилген чектөөлөрдөн улам өлкө аймагында Американын Meta компаниясына таандык Facebook социалдык тармагын иштетпей туруу чечимин кабыл алган.
Анткен менен агенттик Facebook тармагынын аудиториясы Россияда буга чейин эле азайып кеткенин белгилеген. Saxo Bank инвестициялык банкынын маалыматы боюнча, Россияда бул соцтармак катталуучулардын саны боюнча (8,9 миллион киши) жетинчи эле орунда турат. Ага салыштырмалуу ВКонтакте тармагында 72 миллион, ал эми "Одноклассникиде" 46,5 миллион адам катталган. Facebook желесин өзгөчө жаштар колдонбой калды.
"Facebook мурун баарлашуунун бир жолу катары кызыктырып турчу, кийин белгисиз адамдар тарабынан пропаганданын машинасы катары колдонулуп кетти", — деген Мамлекеттик думанын экономикалык саясат комитетинин төрагасынын орун басары Артем Кирьянов.
"Коопсуз интернет лигасынын" директору Екатерина Мизулина да Facebook Россияга каршы маалыматтык согуштун жарчысы болуп калганын белгилеген. Ал жакынкы убакта Instagram тармагынын да ишине чектөө киргизилиши мүмкүндүгүн айткан.
Социалдык тармактардын жана мессенджерлердин кесипкөй колдонуучуларынын бирикмесинин алдын ала эсебинде, 2021-жылы Facebook компаниясына Россиянын жарнама берүүчүлөрү 40 миллиард рублге жакын каражат төлөгөн. Аталган бирикменин жетекчиси Владимир Зыков соцтармак бөгөт коюудан улам бул кирешенин бардыгынан кол жуушу мүмкүндүгүн билдирген.
Эске салсак, февраль айынын соңунда Facebook РИА Новости агенттигинин баракчасын негизсиз чектеп койгон. Мындан сырткары, Роскомнадзор бир күндүн ичинде россиялык "Звезда", РИА Новости, "Лента.ру" жана "Газета.ру" маалымат каражаттарынын цензурага кабылганын билдирген.
Ведомство мындай чектөөлөр маалыматка эркин жетүү жана аны таратуу принциптерине доо кетирерин белгиледи. Соцтармактын жетекчилиги мунун себебин түшүндүргөн эмес. Роскомнадзор цензурага кабылган россиялык ЖМКларды блоктон чыгаруу талабына да жооп болбогонун кошумчалаган.
Соцтармак же мессенджердин иштебей калышына кантип даярданабыз? Адистин кеңеши