Кыргызстан фехтование боюнча Азия чемпионатынан коло утту. Сүрөт, видео

Командалык беттешке Айпери Токтогулова, Акак Кеңешова жана Юлия Никитина чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстандын фехтование боюнча курама командасы юниорлор жана кадеттер арасындагы Азия чемпионатынан коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Аталган спорттук иш-чара Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өткөн.
Командалык беттешке Айпери Токтогулова, Акак Кеңешова жана Юлия Никитина чыгып, үчүнчү орунду камсыздаган.
Фехтование боюнча Азия чемпионатына жалпысынан 20 өлкөдөн 300дөн ашуун спортчу катышкан.
Мини-футбол: жаш кызматкерлер катышкан турнирди дарыгерлер жеңип алды. Сүрөт