Доллар менен рублдин курсу кандай болууда? Валюта рыногундагы абал

Мындан эки күн мурун Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу үчүн 55.35 миллион доллар саткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстанда дем алыш күндөрүнө карата доллар сатып алуу 97.2 сомду, ал эми сатуу 98.5 сомду түздү. Бул тууралуу Valuta.kg порталында көрсөтүлгөн.
Ал эми еврону 107 сомдон сатып алып, кайра 110 сомдон сатып жатышат. Рублдин куну дагы деле сом менен теңеле элек. Сатып алуунун орточо баасы 0.8 сом, сатуу 1.1 сом болууда.
Белгилей кетсек, курс ар кайсы жерде ар түрдүү. Ошол себептен орточо баасы алынды.
4-март күнү Улуттук банк ички валюта рыногундагы кырдаалдан улам сомдун курсун кармап туруу үчүн 55.35 миллион доллар саткан.
Радио
Мамытов: рублдин курсунун төмөндөшү убактылуу көрүнүш