БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Москвага болгон расмий сапарынын алкагында Россия президентинин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Казакбаев дүйнөдөгү стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыздоо маанилүү экенин белгилеп, Кыргыз Республикасы коопсуздук жаатында тынчсыздануусун билдирип, бардык мамлекеттерге коопсуздук кепилдиги болушу керек деп эсептейт.
"Украинанын айланасындагы кырдаалды талкуулап жатып министр бардык пикир келишпестикти саясий-дипломатиялык жол менен чечүү зарылчылыгын айтты. Тараптар өз ара макулдашуу аркылуу тынчтыкты орнотуп, мындан аркы адам өлүмүнө, биринчи кезекте жай тургандардын набыт болушуна, ошондой эле өлкөлөр жана элдин глобалдык тирешин өрчүтүүгө жол бербөө керектигин баса белгиледи. Эгер учурдагы механизмдер натыйжа бербей жатса, жаңжалды жөнгө салуунун башка мүмкүнчүлүктөрүн, жаңы формат, механизмдерин карап чыгуу керектигин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, тараптар эки мамлекеттин ортосундагы актуалдуу маселелерди талкуулашып, саясий диалог жогорку деңгээлде экенин белгилешти. Аны менен катар соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык алакалар өркүндөп жатканына токтолушту. Ошондой эле Борбор Азия регионунда туруктуулук жана коопсуздукту бекемдөө жаатында алгылыктуу иштер жасалып жатканын билдиришкен.