Радио

Сыдыков: 2026-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк бар

Кыргыз футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков футбол боюнча 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк бар экендигин айтты.
Sputnik
Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын форматы өзгөрүп, 48 курама команда финалдык бөлүктө ойноого мүмкүнчүлүк алды. Азия континентинен 8 командага жолдомо берилгендиктен Кыргызстанга бул тизмеге кирүүгө жакшы шарт түзүлдү. Бул тууралуу Медербек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкө аймагында массалык футболду өнүктүрүү аркылуу футболдун келечегин аныктап, жаштар арасында күчтүү кураманы чогултууга жол ачылат.
"Учурда футбол боюнча ички чемпионаттын деңгээлин көтөрүп, күчтүү курама команданы түптөө негизги максаттардын бири. Эгемендүүлүктү алган жылдан бери инфраструктура маселеси бүгүнкүгө чейин толук кандуу чечилбей келет. Айрым клубдар түптөлгөн жерлерде шарт жакшырып, стадиондор оңдоодон өттү. Бирок өтө жакшы деп айтуудан алысмын. 40 район, 30 шаар үчүн стадиондордун саны аздык кылат. Дагы бир негизги максаттардын бири — эл аралык аренада мелдештерди өткөрүп, жакшы жыйынтык көрсөтүү. Алсак, 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк бар. Мундиалдын форматы өзгөрүп, 48 курама команда финалдык бөлүктө ойноого мүмкүнчүлүк алды. Азия континентинен 8 командага жолдомо берилгендиктен Кыргызстанга бул тизмеге кирүүгө жакшы шарт түзүлдү",— деди Сыдыков.
Ошондой эле адис 2026-жылга карата футболду республика аймагында эң алдыңкы спорттун түрүнө айлантуу планы коюлганын кошумчалады.