БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту бүгүн Улан-Батор — Бишкек — Улан-Батор багыты боюнча алгачкы үзгүлтүксүз каттамды салтанаттуу түрдө тосуп алды.
Салт боюнча учакты "суу аркасы" менен тоскон. Улан-Батордон Бишкекке биринчи каттам менен 95 жүргүнчү келип, 66 адам учуп кеткен.
Иш-чарага транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Марат Өскөмбаев, МЭА ААК башкармалыгынын төрагасы — башкы директору Бакыт Шаршеев, Hunnu Air авиакомпаниясынын директору Пуревжал Мунхжаргал жана Монголиянын элчиси Ганхуяг Содном катышкан.
"Акыркы убакта коронавируска байланыштуу кырдаалдан чыгып, жүргүнчүлөрүбүзгө жаңы өлкөлөр менен шаарларга каттамдар ачылып жатканына абдан кубанычтабыз. Аны менен бирге бул бизнес чөйрөсүн жана мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенем", — деди Шаршеев.
Өз кезегинде транспорт министринин орун басары Марат Өскөмбаев "Манас" аэропорту Монголиядан келген жүргүнчүлөр үчүн Жакынкы Чыгыш жана Европа өлкөлөрүнө учуу үчүн ыңгайлуу түйүнгө айлана турганын белгилеген.
Ал эми Монголиянын элчиси бул үзгүлтүксүз каттам убакытты жана ашыкча чыгымдарды үнөмдөөгө мүмкүндүк бере турганын белгилеген.
"Буга чейин учуу 20 сааттан 23 саатка чейин созулчу. Азыр болгону 3 саат 40 мүнөт. Учуу убактысын кыскартуу жана ашыкча чыгымдарды үнөмдөө жарандардын мамлекеттер аралык саякатка болгон кызыгуусун арттырууга мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилеп кетким келет. Ал эми бул туризмди өнүктүрүүгө жана ишкердик байланыштарды түзүүгө шарт түзөт", — деген элчи.
Монголиянын Hunnu Air компаниясы каттамды жумасына бир жолу — жекшемби күнү аткармакчы.