"Бал аарычылык" жөнүндө мыйзам долбоор иштелип чыкты

Документте балчылык чөйрөсүндөгү иштин негизги эрежелери, мекемелер менен субъектилердин ролу, балчылыкты коргоо боюнча талаптар көрсөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. – Sputnik. Кыргызстанда "Бал аарычылык" жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыкканы тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, документ беш бөлүмдөн жана 24 беренеден турат.
"Бул мыйзам долбоордо аарычылык ишин жүзөгө ашыруунун, бал аарыларын коргоонун жана көбөйтүүнүн, аары чарбасынын жемиштүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүнүн жана балчылыкты интенсивдүү өнүктүрүүнүн укуктук негиздери камтылган", - деп айтылат маалыматта.
Документте, мындан тышкары, балчылык чөйрөсүндөгү иштин негизги эрежелери, мекемелер менен субъектилердин ролу, балчылыкты коргоо боюнча талаптар көрсөтүлгөн. Ошондой эле курчап турган чөйрөнү коргоо, мыйзам бузуу боюнча жоопкерчиликтердин эрежелери да камтылган.
Мыйзам долбоор 7-мартка чейин Айыл чарба министрлигинин сайтында коомдук талкуу үчүн турмакчы. Андан соң министрликтерге жана ведомстволорго жиберилет.
Россия Кыргызстандан помидор жана калемпир алып кирүүгө уруксат берди
Бөлүнгөн акча баарыңарга жетпейт! Садыр Жапаров дыйкан, фермерлерге кайрылды