БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Мамлекет тарабынан жасалып жаткан алгылыктуу иш-аракеттер соттордун кесиптик милдетин абийирдүү аткарып, элдин аларга болгон үмүтүн адилеттүү актап, мыйзамдарды сактоого өбөлгө болот деп ишенем. Бул туурасында президент Садыр Жапаровдун Сот системасынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда айтылган.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы анын куттуктоосун жарыялады.
Ал судьяларга Кыргызстандагы сот адилеттиги тармагынын өкүлү катары жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндигин камсыз кылуу, коомдо жана мамлекетте мыйзам үстөмдүгүнүн принциптерин чыңдоо милдети тагылганын эске салган.
"Бюджеттин чектелүү экенине карабастан мамлекет сот системасынын адистеринин кесипкөйлүгүн жогорулатууга, анын материалдык-техникалык базасын жаңыртууга, судьялардын социалдык абалын жакшыртууга өзгөчө маани берип, каражат бөлүп келет. Бул чөйрө алдыңкы технологияларды, анын ичинде санариптештирүүнү кеңири колдонууга жана электрондук сот адилеттигине өтүп жатат. Мамлекет тарабынан жасалып жаткан алгылыктуу иш-аракеттер кесиптик милдетин абийирдүү аткарып, элдин сот корпусуна болгон үмүтүн адилеттүү актап, мыйзамдарды сактоого өбөлгө болот деп ишенем", — деген Жапаров.
Мамлекет башчы Фемида өкүлдөрүнө адамдардын сый-урматы менен ишенимине ээ болуу алардын күнүмдүк иштериндеги маанилүү багыттары болуп кала бериши абзелдигин эскерткен.
Президент судьяларды жана аппарат кызматкерлери алдыңкы технологиялардын, анын ичинде санариптештирүү процесстерине уюштуруучулук жана техникалык жактан даяр болушу керектигин баса белгилеген. Мындай аракеттер 2026-жылга чейин Кыргызстандын сот системасын өнүктүрүүнүн жаңы программасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу үчүн өтө маанилүү экендигин айткан.
Ал куттуктоосунда сот системасынын кызматкерлерине бекем ден соолук, күч-кубат жана мыйзам алдындагы жооптуу иштеринде ийгиликтерди каалаган.