Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Украинадагы атайын операция дээрлик соңуна чыгып калды

Киев жай тургундарды чыгарып кетүү үчүн гуманитардык коридор сураган. Буга Россия дароо макул болуп шарт түзүп берсе, Украина бийлиги эч кимди чыгарбай койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Украинанын аскерлери жай тургундарды калкан катары колдонуп жатышат. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин россиялык авиакомпаниялардын учуучу курамында иштеген аялдар менен жолугушканда билдирди.
Путиндин айтымында, Киев жай тургундарды чыгарып кетүү үчүн гуманитардык коридор сураган. Буга Россия дароо макул болуп шарт түзүп берсе, Украина бийлиги эч кимди чыгарбай койгон.
Өлкө башчысы эгер Киевдин жетекчилиги ушундай жол менен кете бере турган болсо, анда Украинанын мамлекеттүүлүгүнүн келечегинде күмөн бар жана толук жоопкерчилик алардын мойнунда болорун белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Зеленский НАТО менен Россиянын ортосуна от жагууга аракет кылып жатат
Путиндин айтымында, Украинадагы аскердик инфраструктураны жок кылуу операциясы дээрлик соңуна чыгып калды. Бүгүнкү күндө Украинаны демилитаризациялоонун көптөгөн башка варианттары да бар, алар Киев менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр столуна коюлган.
РФ жетекчиси белгилегендей, Россияга аскердик же өзгөчө абал режимин киргизүү пландалган жок. Аскерге чакырылган жоокерлер Украинадагы атайын операцияга тартылбайт.
Путин азыркы абалдан чыгуу үчүн Россиядагы бизнеске экономикалык эркиндик берүү керектигин айтты. Учурда өкмөт колдоо чараларын кеңейтүү, ишкерликке коюлган айрым чектөөлөрдү алып салуунун үстүндө иштеп жатат.
Президент Россия өзүнүн авиациялык курулушун өнүктүрө турганын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Казакбаев: Бишкек Украина менен Россияга сүйлөшүү аянтчасы болуп берүүгө даяр