Тамирлан Козубаев Гонконгдун "Истерн" клубуна өттү

Козубаев буга чейин индонезиялык "Персита Тангеранг", россиялык "Шинник", литвалык "Шауляя" жана "Гранитас", ошондой эле малайзиялык "Пербаданан Кемажуан Негери Селангор" клубдарынын намысын коргогон.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. – Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын коргоочусу Тамирлан Козубаев Гонконгдун "Истерн" клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол биримдигинен билдиришти.
"Клуб Тамирлан Козубаев менен иштеше баштаганын 4-мартта расмий жарыялады. Кыргызстандык 3-катар саны менен ойнойт", — деп айтылат билдирүүдө.
"Истерн" өткөн сезондо Гонконг чемпионатында 2-орунду ээлеген. Клуб бул жылы АФК кубогуна катышат.
Козубаев буга чейин индонезиялык "Персита Тангеранг", россиялык "Шинник", литвалык "Шауляя" жана "Гранитас", ошондой эле малайзиялык "Пербаданан Кемажуан Негери Селангор" клубдарынын намысын коргогон.
Валерий Кичин "Локомотивдин" дарбазасына өзүнөн ашыра тээп гол киргизди. Видео