Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Зеленский НАТО менен Россиянын ортосуна от жагууга аракет кылып жатат

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Владимир Зеленский сүйлөшүүлөрдүн божомолдонуп жаткан үчүнчү раундуна чейин согуштук маанайынан кайтат деп үмүттөнөрүн айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Владимир Зеленский НАТО менен Россиянын ортосунда от жагууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Зеленский мырзанын ар дайым албууттанган билдирүүлөрдү жасап жатканы оптимизмден алыстатууда. Ал өзүнүн кураторлорун аракет кылбай жатат деп айыптады. Эгер НАТОдон жардам күтсө, демек азыркы маселени сүйлөшүүлөр жолу менен эмес, НАТОнун жардамы менен чечүүгө үмүттөнгөн да?" — деп суроо салды министр.
Ошондой эле ал сүйлөшүүлөрдүн божомолдонуп жаткан үчүнчү раундуна чейин Владимир Зеленский согуштук маанайынан кайтат деген ойдо экенин айтты.
"Анын мындай согуштук маанайы сүйлөшүүлөргө баргысы келбегенинен кабар берет. Бирок ал оюн өзгөртөт деп үмүт кылабыз", — деди Лавров.
Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүт алган. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган. Учурда Россия тараптын Украинаны демилитаризация жана денацификация операциясы жүрүп жатат. Россиянын Коргоо министрлиги, Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын билдиришти. Тилекке каршы, эки жактан тең курман болгондор, жаракат алгандар бар.
Буга чейин тараптар эки ирет жолугушту. Эми сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду күтүлүп жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Казакбаев: Бишкек Украина менен Россияга сүйлөшүү аянтчасы болуп берүүгө даяр
Россия менен Кыргызстан ТИМ жетекчилери Лавров жана Казакбаевдин маалымат жыйыны. Видео