Ак калпак кыргыздардын башынан түшпөсүн! Садыр Жапаровдун куттуктоосу

Улуттук кийимдин маанилүүлүгүн сактоо максатында 2016-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңештин "Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү жөнүндө" расмий токтому чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктап, элдин тарыхый, маданий мурасы улуттун руханий, экономикалык жана социалдык кенчи болуп саналарын айтты.
Маалымат кызматы куттуктоонун текстин жарыялады.
"Кыргызстан эли муундан-муунга өтүүчү тарыхый жана маданий мураска өтө бай. Ал улуттун руханий, экономикалык жана социалдык кенчи болуп саналат. Биздин ак калпагыбыз баш болгон улуттук кийим – элибиздин тарыхы менен тыгыз байланышып, анын маданияты менен турмуш-тиричилигинин ажырагыс бир бөлүгү болуп келди. Ошентип, ата-бабаларыбыздан калган ак калпак маданий мурасыбыздын маанилүү көрөңгөсүнө айланды", ‒ деп айтылган куттуктоодо.
5-март ‒ Ак калпак жана улуттук кийим күнүнө карата анын маани-маңызын чечмелөө, жайылтуу менен кыргыз маданиятына болгон атуулдук сезимдерди ойготуу максатында жер-жерлерде салтанаттуу иш-чаралар жылына уюштурулганы кубандыра турчу көрүнүш экенине токтолгон. Бул иш-чаралар менен кыргыз элинин салттуу маданиятынын асыл-наркы жаштар арасына жайылтылып, өнүктүрүлүп, даңазаланып келе жатканын белгилеген.
"Сиздерди Ак калпак күнү менен чын дилимден куттуктайм. Биздин салттуу кийим улуттун улуулугун сактап, байыркы нарк-насилибиз, көөнөргүс казына болгон асыл-наркыбыз өнүгүп, кылымдар сынынан өткөн маданиятыбыз дүйнөгө тааныла беришине тилектешмин! Ар дайым аскар зоолуу, бийик Ала-Тоону туюнткан ак калпак кыргыздардын башынан түшпөсүн!" ‒ деп аяктаган куттуктоо.
Кыргызстанда бул дата бир нече жылдан бери белгиленип келет. Улуттук кийимдин маанилүүлүгүн сактоо максатында 2016-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңештин "Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү жөнүндө" расмий токтому чыккан.
Калпак туурасында кеңири маалыматты Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан алсаңыздар болот.
Калпакты жакшы билесизби? Тест