Радио

Мамытов: рублдин курсунун төмөндөшү убактылуу көрүнүш

Министрлер кабинетине караштуу экономикалык саясатты изилдөө институтунун эксперти, экономист Улукман Мамытов рубль өзүнүн чыныгы наркында бааланбай келерин айтты.
Sputnik
Украинадагы абалдан улам Батыш Россияга түрдүү санкцияларды киргизди. Мунун арты менен рублдин курсу бир аз төмөндөдү, бирок бул убактылуу көрүнүш. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чындыгында учурда бир АКШ доллары 27-28 рублге барабар болушу керек эле.
"Россияга Батыштын салган санкцияларынан улам рублдин курсу төмөндөдү. Бирок бул убактылуу көрүнүш жана эл паникага алдырганынан улам келип чыкты. Россиянын экономикасын изилдеп жүргөн адис катары айта алам, рубль учурда акыйкат бааланбай жатат. Муну көптөгөн эксперттер деле жашырышпайт, тескерисинче, орус акчасы бааланбай жаткан валюта экенин айтып келишет. Сатып алуучулардын паритетин аныктоо ыкмасы, башкача айтканда биг мак индекси менен алып карай турган болсок, учурда бир доллар 27-28 рубль болушу керек эле. Бирок азыр доллар 100 рублге чыгып кетип жатат. Мунун башкы себеби Россияга карата салынган экономикалык санкциялар жана спекулянттар да абдан чоң роль ойноп жатышат. Ошондой эле орус өкмөтү менен Улуттук банктын жүргүзгөн саясатындагы айырмачылыктар да буга себеп болууда", — деди Мамытов.
Экономист рублдин курсунун өйдө-төмөн болушу кыргыз сомуна да таасирин тийгизерин кошумчалады.