Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россияда Facebook менен Twitter тармактарына чектөө киргизилди. Себеби

Facebook "Звезда", РИА Новости, "Лента.ру" жана "Газета.ру" ЖМКларынын баракчаларын иштетпей койгон. Ал эми Twitter Украинадагы атайын операция тууралуу туура эмес маалыматтарды таратты деп айыпталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Роскомнадзор мекемеси россиялык ЖМКларга киргизилген чектөөлөрдөн улам өлкө аймагында Facebook социалдык тармагын иштетпей туруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун өзүнө шилтеме берип РИА Новости жазды.
“2020-жылдын октябрь айынан бери россиялык ЖМКлар 26 жолу дискриминацияга туш болгон. Соңку күндөрү "Звезда", "РИА Новости", Sputnik, Russia Today, "Лента.ру" жана "Газета.ру" басылмаларынын аккаунттарына чектөө киргизилди. Мындан улам Россия жарандарынын укугун жана эркиндигин чектөө боюнча мыйзамга таянып, Facebook тармагына жооп катары бөгөт коюлду”, — деп айтылат кабарда.
Мындан тышкары, Россиянын аймагында Twitter соцтармагына убактылуу чектөө киргизилди.
“24-февраль күнү Башкы прокуратура аталган социалдык тармактын ишине жарым-жартылай чектөө киргизүү чечимин кабыл алган. Буга Украинадагы атайын операция тууралуу туура эмес маалыматтардын чыгышы себеп болгон. Шарт боюнча Twitter жалган маалыматтарды өчүрүшү керек эле. Бирок компания бул шартты аткарган жок”, — деп деп айтылат түшүндүрмөдө.
Эске салсак, февраль айынын соңунда Facebook РИА Новости агенттигинин баракчасын негизсиз чектеп койгон. Мындан сырткары, Роскомнадзор бир күндүн ичинде россиялык ЖМКлардын төртөө: "Звезда", РИА Новости, "Лента.ру" жана "Газета.ру" цензурага кабылганын билдирген.
Ведомство мындай чектөөлөр маалыматка эркин жетүү жана аны таратуу принциптерине доо кетирерин белгиледи. Соцтармактын жетекчилиги аталган Meta Platforms компаниясы тарабынан мунун себебин түшүндүргөн эмес. Роскомнадзор цензурага кабылган россиялык ЖМКларды блоктон чыгаруу талабына да жооп болбогонун кошумчалаган.
Россия менен Украина чек арасын кайтарган РФ тик учактары. Видео
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киев Россия менен сүйлөшүүнүн үчүнчү этабына даяр экенин билдирди