Россия Кыргызстандан помидор жана калемпир алып кирүүгө уруксат берди

Мындай чечим мамлекеттердин өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин боюнча мекемелеринин берген маалыматтарынан улам кабыл алынды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Россиянын Ветеринария жана фитосанитария боюнча федералдык көзөмөл кызматы 10 мамлекетке жашылчанын мурда уруксат берилбеген түрлөрүн алып кирүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Ал мамлекеттердин арасында Кыргызстан дагы бар.
Төмөндө өлкөлөрдүн тизмеси:
Армениядан помидор;
Азербайжандан помидор;
Беларустан калемпир жана помидор;
Казакстандан калемпир жана помидор;
Египттен картошка;
Кыргызстандан калемпир жана помидор;
Түркиядан помидор, калемпир, баклажан;
Түркмөнстандан калемпир жана помидор;
Өзбекстандан калемпир жана помидор.
Мындай чечим аталган мамлекеттердин өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин боюнча мекемелеринин берген маалыматтарынан улам кабыл алынды. Ошондой эле Россия менен ЕАЭБдеги бардык фитосанитардык талаптарды сактоо менен ишке ашырылмакчы.
Салык кызматы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды киргизүүдө