Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия Украинада тынч режим жарыялады

Тынч режим Москва убактысы боюнча саат 10:00дөн тарта жарыяланды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Россия тарап Мариуполь жана Волновахи аймактарынан жай жашоочулардын чыгып кетиши үчүн гуманитардык коридор ачып,тынч режим жарыялады. Бул туурасында Коргоо министрлигинен кабарлашты. Бул туурасында РИА Новости Коргоо министрлигине шилтеме кылып жазды.

"Бүгүн, 5-мартта, саат 10:00дөн тарта Россия тарап тынч режим жарыялап, Мариуполь жана Волновахи аймактарынан жай жашоочулардын чыгышы үчүн гуманитардык коридор ачат", — деп билдиришкен ведомстводон. Маалыматта гуманитардык коридор жана маршрут Украина тарап менен макулдашылганы кабарланган.

Тынч режим Москва убактысы боюнча саат 10:00дөн тарта башталды.
Владимир Путин 21-февралда Донбасстын суранычы менен ЛЭР, ДЭРдин көз карандысыздыгын тааныган жарлык чыгарган. Ал эми 24-февралда Украинада демилитаризация жүргүзүү үчүн атайын операция жарыяланган. Россиянын Коргоо министрлиги, Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын билдиришти. Тилекке каршы, эки жактан тең курман болгондор, жаракат алгандар бар.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасс геноцидине 8 жыл көз жумуп келгенсиңер. Путин Шольц менен сүйлөштү
Россия менен Украина чек арасын кайтарган РФ тик учактары. Видео