RT журналисттери Россия менен Украинанын чек арасына, талаа аэродромдоруна барып келген.
"Ал жакта Ми-8 жана Ми-24 тик учактары жайгашкан. Аба техникалары жеке курамдын аскерлерин жеткирип, тиешелүү жерге түшүрүп, кайра кайтуу жана чек ара тилкелеринде кайгуул жүргүзүү иштерин аткарат", — деп айтылган маалыматта.
Пилоттор жерден 15-30 метр аралыкта учары жазылган.
Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүт алган. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган. Учурда Россия тараптын Украинаны демилитаризация жана денацификация операциясы жүрүп жатат.