Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Россия аскерлери тууралуу фейк тараткандарды жазалоо мыйзамына кол койду

Мыйзамдын негизги максаты — Россия аскерин жаманатты кылып, башка өлкөлөрдүн санкциялык саясатын пропагандалоону көздөгөндөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Россия армиясын дискредитациялап жана өлкөгө каршы санкцияларга үндөгөн фейк маалыматтарды тараткан адамдарды кылмыш жазасына тартуу же ири суммадагы айыпка жыгуу боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Кечээ, 4-март күнү, аталган мыйзам долбоорун Мамлекеттик Дума үчүнчү окууда кабыл алган.
Эми өзгөртүүлөр Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодекстерине киргизилет.
Жаңы мыйзамга ылайык, Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн аракеттери тууралуу туура эмес маалымат тараткан кишилер бери дегенде 700 миңден 1,5 миллион рублге чейин айыпка жыгылат. Же 18 айлык кирешесин айып пул катары төлөп бериши зарыл болот. Мындан тышкары, бир жылга түзөтүү иштерине же үч жылга айтылган жерде иштөөгө милдеттендирилет. Болбосо үч жылга чейин эркинен ажыратылат.
Ал эми фейк маалымат таратып, далилдерди жасалмалаган кызмат адамдары 5-10 жылга кесилет же 3-5 миллион рубль айып пул төлөйт. Оор кесепетке алып келген жалган материалдарды тараткандар 10-15 жылга соттолот.
Мыйзамдын негизги максаты — Россия аскерин жаманатты кылып, башка өлкөлөрдүн санкциялык саясатын пропагандалоону көздөгөндөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россияда Facebook менен Twitter тармактарына чектөө киргизилди. Себеби
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Украинада тынч режим жарыялады