Нарын: Эмгек-Талаа айылында жаңы билим уясы пайдаланууга берилди. Сүрөт

Аталган мектептин биринчи корпусу пайдаланууга мындан 62 жыл мурда берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Нарын районунун Эмгек-Талаа айылындагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Жаңы имаратта 12 окуу кабинети, 50 орундуу ашкана, спорт зал, китепкана жайгашкан.
Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылындагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектеп үч корпустан турат. 1-имараты 1960-жылы, 2-имараты 1971-жылы, 3-имараты 1988-жылы курулган.
1 / 4

Нарын районунун Эмгек-Талаа айылындагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин жаңы имараты пайдаланууга берилди

2 / 4

Жаңы имаратта 12 окуу кабинети, 50 орундуу ашкана, спорт зал, китепкана жайгашкан

3 / 4

Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылындагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектеп үч корпустан турат

4 / 4

1-имараты 1960-жылы, 2-имараты 1971-жылы, 3-имараты 1988-жылы курулган

Аталган мектептин имараттары көп жылдык пайдалануудан улам негизги конструкцияларынан жарака кетип, 2019-жылдын 11-октябрында Нарын райондук жарандык коргонуу комиссиясынын актысынын негизинде авариялык абалда деген корутунду чыгарылган.
Маалым болгондой, жаңы мектептин курулушу 2020-жылдын май айында башталган. Мектеп 225 орундуу, сметалык баасы 62 миллионду түзөт.
4-мартта ачылыш аземи өткөрүлүп, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эльмира Садыкова, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Нуриддин Мадимаров жана башка мекеме жетекчилери менен жергиликтүү тургундар катышты.
Ак-Талаанын Ак-Кыясында мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Сүрөт