УКМК кызматкеримин деп 300 миң сом талап кылган шектүү кармалды. Сүрөт

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери уланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, акча талап кылып жүргөн Ж.Т.Ш. атуу жаран кармалды. Бул тууралуу аталган комитеттен кабарлашты.
Өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, акча талап кылып жүргөн Ж.Т.Ш. атуу жаран кармалды
"Ал Талас облустук соту менен прокуратурасы тараптан козголгон кылмыш ишти оң жагына чечтирип берем деп Т.Г.М. аттуу аялдан 300 миң сом талап кылган. Шектүү анын 200 миңин алып жаткан учурда колго түшүрүлдү", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланууда.
УКМК 6 миң доллар пара алды деген ИИМдин кызматкерлерин кармады. Видео