БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстан Россия менен Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча тараптар ортосундагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн аянтча болуп берүүгө даяр. Бул тууралуу Москва шаарына расмий сапар менен барган Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.
Ал россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолуккан соң министрлер журналисттердин суроолоруна жооп беришти.
"Украинадагы кырдаалга тынчсыздануу менен көз салып турабыз. Биринчиден, бул конфликт бир тууган элдердин ортосунда болуп жатканы өкүнүчтүү. Тилекке каршы, курмандыктар болду. Дүйнө катастрофа алдында турат. Эгер ал болуп кетсе, биздин цивилизация бутуна туруп кете алат деген кепилдик жок. Тараптарды конфликтини улантууга эч убакта түртмөлөбөшүбүз керек", — деди Казакбаев.
Ошондой эле министр бул конфликтиде Россия дагы, Украина дагы жабырлануучу экенин айтты.
"Бишкектин ортомчулук боюнча тажрыйбасы бар. 1994-жылы бизде Армения менен Азербайжандын жетекчиликтери Карабахтагы ок атышууну токтотуу боюнча протоколго кол коюшкан. Ал эми 1997-жылы Тажикстандын расмий бийлиги менен биргелешкен оппозициялык көчтөрү саясий маселелер боюнча бир пикирге келишкен. Андыктан Бишкек Россия менен Украинага да аянтча болуп берүүгө даяр", — деди ал.
Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүт алган. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган. Учурда Россия тараптын Украинаны демилитаризация жана денацификация операциясы жүрүп жатат. Россиянын Коргоо министрлиги, Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын билдиришти. Тилекке каршы, эки жактан тең курман болгондор, жаракат алгандар бар.
Буга чейин тараптар эки ирет жолугушту. Эми сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду күтүлүп жатат.