"Аэрофлот" компаниясы эл аралык каттамдарын 8-марттан тарта токтотот

Авиакомпаниядан мындай чечим учууларды аткарууга тоскоолдук жаралганына байланыштуу кабыл алганын билдиришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Россиянын ири авиакомпанияларынын бири "Аэрофлот" 8-марттан тарта эл аралык каттамдарын токтотот. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
"Учууларды аткарууга тоскоолдук жараткан кырдаалга байланыштуу "Аэрофлот" 8-мартта эл аралык каттамдарын токтотот. Ал эми Россияга кайра учуп келүү үчүн 8-марттан кийинки датага билети бар жүргүнчүлөр 6-марттан тарта бортко алынбайт", — деп айтылат кабарда.
Ал эми Россиянын ичиндеги каттамдар жана Беларустун Минск шаарына учуулар улана берери айтылат.
Эске салсак, "Аэрофлот" компаниясы Кыргызстанга дагы каттап, Россиянын шаарларына эл ташыйт.
Россиядан Кыргызстанга кеткен айрым авиарейстер токтоду. Билетти кайтаруу жолу
Алматы — Бишкек — Алматы авиакаттамынын саны көбөйдү