БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Жекшембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +9...+14, Талас, Ысык-Көл өрөөндөрүндө +8...+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14...+19, Нарын аймагында +4...+9 градус жылуу болот.
Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада +12...+14, Ош шаарында +16...+18 градус жылуу болору болжолдонду.