Жапаров укук коргоо органдарына: судьяларга кысым көрсөтүүнү токтоткула!

Мамлекет башчы ар ким өз иш менен гана алек болушу керектигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарына соттордун ишине кысым көрсөтүүнү токтотушун талап кылып, катуу эскертүү берди.
Мамлекет башчы бүгүн Кыргыз Республикасынын судьяларынын XII курултайына сөз сүйлөп, ар ким өз иш менен гана алек болушу керектигин белгиледи.
"Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине кайрылам: соттордун ишине кийлигишип, судьяларга кысым көрсөтүп, өзүңөргө керектүү иштерди өткөрүү практикаңарды токтоткула! Бул менин сиздерге катуу эскертүүм болсун! Ар ким өз иши менен гана алек болуш керек. Эгерде силер кызматтык милдеттериңерди укук ченемдерин сактоо менен так аткарсаңар, судьяларга кысым көрсөтүүнүн кажети жок болуп калат. Анткени мыйзам бардыгы үчүн бирдей", — деди Жапаров.
Ошондой эле президент укук коргоо органдары анын ордуна соттор ишине болгон кийлигишүүлөрдү түп тамырынан бери жоюп, басым-кысым фактылары боюнча ыкчам иликтөөлөрдү жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу менен мыйзамдуулуктун сакталышына жана Кыргызстандын чыныгы укуктук мамлекет катары чыңдалышына зор салым кошорун белгиледи.
Жогорку соттун төрагасы: ишти жабык карап, видео тартууга тыюуну токтоткула