Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Владимир Путиндин Коопсуздук кеңешиндеги кеби. Видео

3-март күнү кечинде Россиянын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Анда Путин Украинадагы атайын операциянын жүрүшү боюнча маалымат берди.
Sputnik
Россиялык лидердин айтымында, Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо белгиленген ыраатта жүрүп жатат. Президент россиялык аскерлер менен Донбассты коргоочулар баатырлыгын көрсөтүп жатканын баса белгиледи.
Путин атайын операция учурунда курман болгон жоокерлердин үй-бүлөсүнө бир жолку жөлөк пул катары жети миллиондон ашык рубль төлөнүп берилерин айтты. Мындан тышкары, үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө ай сайын төлөнчү жөлөк пул чегерилет.
Россиянын президенти мындан башка дагы маанилүү билдирүүлөрдү жасады. Анын толук кебин видеодон угуңуздар.